Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Юрист: «Азаттыктын» кабарчыларын скайп аркылуу суроого мыйзам жол берет


Акмат Алагушев.
Акмат Алагушев.

«Азаттыктын» кабарчыларын скайп аркылуу суроого мыйзам уруксат берет. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Медиа полиси» институтунун юристи Акмат Алагушев билдирди. Ал УКМКнын «эки кабарчы суракка өздөрү келиши керек» деген талабы боюнча төмөнкүлөрдү айтты:

- Эмне себептен ошол беренени (Жазык-процессуалдык кодекстин 194-беренеси - ред.) колдоно алышпайт экен? Эмнеси дал келбейт? Ошону жазышпаптыр. Суроосу болсо беришсин, жооп беришет. Бул шылтоо. Көрсөтмөлөрү керек болсо ошол жакка учуп барсын. Муну юрист эмес адам да түшүнөт. Ошол беренени ачып туруп окуп көрсөңөр.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) бүгүн «Кыргыз Республикасынын аймагынан сырткары болгон адамдын катышуусу менен скайп аркылуу же башка техникалык байланыш режиминде тергөө аракеттеринин өткөрүлүшү Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 194-беренесине (дистанциялык суракка алуу) дал келбестигин белгилейбиз. Ошондуктан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-36-жана 189-беренелеринин талаптарына ылайык, тергөө органына «Азаттык Медиа» мекемесинин кызматкерлери Мухаммедали (Али) Токтакуновдун жана Ыдырыс Исаковдун келип беришин камсыз кылууну сурайбыз» деп билдирди.

УКМКК «Азаттык Медиа» мекемесинин эки кызматкерин 2-декабрда күбө катары суракка чакырган.

Токтакунов «Азаттыктын» Прага шаарындагы баш кеңсесинде туруктуу иштейт. Исаков 2020-жылдын февраль айына чейин Прага шаарындагы кеңсеге кызмат сапарына жөнөтүлгөн.

«Азаттык Медиа» мекемеси коомчулукта резонанс жараткан соңку журналисттик иликтөөлөрүнө байланыштуу укук коргоо органдары менен кызматташууга даяр экенин белгилейт. Ушундан улам күбө катары суракка чакырылган журналисттер чет өлкөдө болгондугуна карабастан скайп аркылуу тийиштүү суроолорго жооп берүүгө даяр экендигин билдирген.

Быйыл 21-ноябрда «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөө жарыяланган.

Жазык-процессуалдык кодекстин 194-беренеси:

1. Жабырлануучуну, күбөнү суракка алуу аны сотко чейинки өндүрүштүн ошол эле, же ошол облустагы, анын кайсы аймагында же кайсы жеринде жашаган органына чакыруу жана видео байланыш (дистанциялык суракка алуу) режиминдеги техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Суракка алуунун жүрүшүндө тикелей көрсөтүүнүн процесстик аракетинин катышуучулары суракка алынуучу адамдын көрсөтмөлөрүн түздөн-түз кабыл алышат. (RK)

XS
SM
MD
LG