Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 20:20

Футзал мелдешинде Кыргызстан Түркияны утуп алды


Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Түркиянын курама командасын 5:3 эсебинде утуп алды.

Жолдоштук беттеш кечээ кечинде Бишкекте өттү. Кыргызстандын командасынан Максат Алимов, Мирлан Жолдубаев, Дилшат Кадыров жана Юлдаш Салимбаевдер гол киргизишти.

Кыргызстан менен Түркиянын командалары бүгүн дагы бир оюн өткөрүшөт. Эки команданын тең машыктыруучулары бул жолдоштук беттеш командаларга алдыдагы ири турнирлерге даярдык катары мүнөздөп жатышат. Оюн Арча-Бешиктеги «Газпром» спорт комплексинде, кечки саат 20:00дө башталат. (SDz)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG