Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:41

Ош: «Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун ишканасына 350 миң сом бөлүндү


Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканасынын жумушчулары.
Азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканасынын жумушчулары.

«Азиздер жана дүлөйлөр» коомунун Оштогу ишканасына шаардык казынадан жардам берилди. 350 миң сомду жамаатка мэр Таалайбек Сарыбашов тапшырды.

Ишканада майыптар өз колу менен эмерек жасап, сапаттуу төшөк, жаздык жана кызматтык кийимдерди тигишет.

Мэр менен жолугушууда алар шаар башчысынан мамлекеттик ишканалардан буюртманы көбөйтүүгө көмөк сурашты.

Сарыбашов Оштогу жалпы социалдык колдоого муктаж жарандардын тизмеси материалдык-моралдык колдоо көрсөтүү үчүн мекеме-ишканаларга бөлүштүрүлүп берилгенин билдирди:

- 1,2,3-топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга жана пенсионерлерге акысыз тиш протезин жасатуу, дарыгердин рецептинин негизинде дары-дармек алууга 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 758 миң сом бөлүндү.

Буга чейин мэрия ишкананын сыртын жакшыртууга каражат бөлүп берген.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында 2905, Социалдык фонддун шаардык башкармалыгында 4217 майып адам катталып, социалдык жөлөкпул алат. Алардын ичинен 934ү 18 жашка толо элек балдар. (MdN)

XS
SM
MD
LG