Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Өкүлдөр Палатасы: Трампты айыптаган баяндама жарыяланды


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШда демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр Палатасында президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында иликтөө жүргүзгөн комитеттер 3-декабрда баяндама жарыялашты. Анда "Трамп кызмат абалынан пайдаланган, украин бийлигине басым кылган, Конгресстеги импичментке байланыштуу иликтөөгө тоскоолдук кылган" деген корутунду жазылган.

Эми бул отчет Өкүлдөр Палатасынын Юридикалык комитетине жөнөтүлөт, ал жакта да коомдук талкуулар өткөндөн кийин комитеттин корутундусу палатада каралмакчы. Бирок импичмент тууралуу акыркы чечимди ушул тушта республикачылар басымдуулдук кылган Сенат кабыл алат.

Буга чейин Өкүлдөр Палатасындагы республикачылар Дональд Трампка импичмент жарыялоого эч кандай негиз жок деген мазмундагы баяндама жарыялашкан.

Трамп менен анын адвокаттары Өкүлдөр Палатасындагы импичмент жарыялоо жараянынын алкагындагы коомдук талкууга катышуудан баш тартышкан. Коомдук талкуунун жаңы айлампасы 4-декабрда башталмакчы.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Трамп менен украин президенти Владимир Зеленскийдин быйыл 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган. Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинадагы иштерин иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.

Президент Трамп буга байланыштуу терс пикирдеги дооматтардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG