Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:47

УКМК Талантбек Исаевге карата сотко чейинки өндүрүшүн токтотту


Талантбек Исаев.
Талантбек Исаев.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башчысы Талантбек Исаевге карата жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки өндүрүш токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов билдиргендей, буга Ички иштер министрлигинен келген жооп негиз болду.

- Анда Исаев үстөк пайызсыз насыя алууда мыйзам бузбаганы, себеби «Ички иштер органдары жөнүндө» мыйзамда ишкердикке байланышпаган максатта насыя алуу мыйзамга каршы келбей тургандыгы айтылат, - деди атайын кызматтын өкүлү.

УКМК «Териштирүүнүн натыйжасында Исаев кылмыш кылбаганы аныкталды. Ошол себептен 3-декабрда ага карата сотко чейинки өндүрүш токтотулду» деп билдирди.

Исаевге карата иш быйыл 23-октябрда Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Атайын кызмат Исаевдин иши ал 2011-жылы «Манас Менежмент» компаниясында иштеп турган учурдагы каржылык маселеге байланыштуу иликтенип жатканын билдирген.

24.kg агенттигине Талантбек Исаев кылмыш иши боюнча комментарий берип, 2011-жылы ал компания менчик болгондуктан эч кандай кызмат абалынан пайдаланбаганын маалымдаган. Талантбек Исаев - Жогорку Кеңештеги депутат Канатбек Исаевдин бир тууган агасы. (TSh)

XS
SM
MD
LG