Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:26

Калиев ЖЭБ боюнча соттогу айыптоону кылмыш деп атады


Айбек Калиев. Архивдик сүрөт.
Айбек Калиев. Архивдик сүрөт.

Бүгүн, 4-декабрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу соттук ишти кароо уланып жатат.

Жараянда айыпталуучулардын бири, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев жарыш сөзгө чыкты.

Ал тергөөнүн жана мамлекеттик айыптоонун ага койгон бардык айыптарын четке кагып, шек саналгандарга сот өкүмү чыга электе эле коомчулукка кылмышкер кылып көрсөтүү аракети болуп жатканын айтты.

- Бизди кылмышкер кылып көрсөтүп, элдин башын айлантышты. Башыбыздан ылдый жугунду куюп, эмне гана кылышкан жок? Соттун өкүмү чыга электе эле мамлекеттик каналдар өкүм чыгарып коюшту. Мага 17 жыл, аягына 11 жыл берди. Кылмыш 40 жылда билинет. Бүгүн болуп жаткан нерсенин баары тең - кылмыш, - деди Калиев.

Прокурорлор ЖЭБдеги коррупция боюнча ишке байланыштуу Сапар Исаковду 15 жылга, Айбек Калиевди 17 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди, Салайдин Авазовду, Жолдошбек Назаровду, Темирлан Бримкуловду 11 жыл 3 айга, Ольга Лаврованы 7 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранып жатышат. Айыптоочулар Осмонбек Артыкбаевге 100 миллион сом айып пул салууну өтүнүшкөн.

2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Мурдагы эки премьер-министр, энергетиктер жана мурдагы финансы министри болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупцияга» айыпталып жатат.

Бул иш сотто ушул жылдын февраль айынан тарта карала баштаган. Айыпталуучулар коюлган айыпты толугу менен четке кагып келишет. (BTo)

XS
SM
MD
LG