Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

Францияда жөөттөрдүн бейиттерин булгап кетишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Франциянын түндүк-чыгышындагы Элзас провинциясында жөөттөрдүн ондогон мүрзөлөрүнө белгисиз адамдар свастика тартып, антисемиттик жазууларды жазып кетишти. Өлкөнүн ички иштер министри Кристоф Кастанер муну «республиканын баалуулугун мазактаоо» деп атады жана полиция күнөөлүүлөрдү табууга болгон аракетин жумшайт деп ишендирүүгө аракет кылды.

Ушул жылдын 19-февралында, антисемитизмге каршы жалпы улуттук акциянын алдында Элзастагы дагы бир жөөт көрүстөнү булганган. Анда белгисиз адамдар 80 бейитке нацисттик белги тартып кетишкен. Буга байланыштуу Франциянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өткөн, маселен Париждеги митингге 20 миңдей адам чогулган.

Француз полициясынын маалыматы боюнча, кийинки убакта жөөттөргө каршы маанай күчөдү. Мисалы, былтыр антисемиттик акт 70% көбөйгөн.

XS
SM
MD
LG