Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасынын Жогорку соту бакшы Александр Габышевге козголгон кылмыш ишин негизсиз деп табуу тууралуу анын адвокаттарынын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу «Сибирь.Реалии» сайтына «Ачык Орусия» кыймылынын координатору Валентина Дехтяренко билдирди.
Коомчулукка «Путинди бийликтен кетиргиси келген бакшы» катары таанылган Габышев мындан эки ай мурун тергөөнүн алкагында жүргүзүлгөн психологиялык-психиатриялык экспертизанын жыйынтыгы менен «акыл-эси ордунда эмес» деп табылган.
51 жаштагы Александр Габышев Якутск шаарынан Москваны көздөй ушул жылдын март айында жөө-жалаңдап жолго чыккан. Ал өзүн «Орусияны кара күчтөн тазалай турган бакшы жоокери» деп эсептей турганын, Москвага 2021-жылы жетип, дубанын күчү менен президент Владимир Путинди тактан түшүрүүгө аракет кыларын айткан.
Александр Габышев сентябрда Бурятияда жүргөндө камакка алынган. Ага «Экстремизмге чакыруу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
Якутиянын тургундары Габышевге карата кылмыш куугунтугун токтотууну талап кылган петиция жарыялашкан. Миңден ашуун киши кол койгон петицияда Габышев «өзүнүн диний көз карашына ылайык гана оюн билдирген» деп айтылат.
Орус президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бакшынын кармалышы менен Кремлдин эч кандай байланышы жок экенин журналисттерге билдирген.