Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 16:04

Германия Хангошвилинин өлүмү боюнча эки орус диломатын өлкөдөн чыгарды


Орусиянын Германиядагы элчилиги.

Немис бийлиги Берлинде киши колдуу болгон чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин ишине байланыштуу Орусиянын Германиядагы элчилигинин эки кызматкерин «нон грат персоналары» деп атап, өлкөдөн чыгарды. Мунун алдында өлкөнүн Башкы прокуратурасы бул кылмыш ишин тергей баштаганын билдирген жана ага Москванын тиешеси бар экенин билдирген. Кремль буга байланыштуу азырынча үн ката элек.

Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Кылмышка шектүү Вадим Красиков ошол эле күнү кармалган жана полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.

«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн орус атайын кызматтары менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырышкан. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операция катышкан.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG