Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтүп жаткан феминналени сынга алды.
5-декабрда парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып ал «Кыргызстандын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратчу бир катар фактор, алар түндүк-түштүк, трайбализм» экенин белгилеп, «булар аз келгенсип шаардык-айылдык деп жарыялап тургандар абдан туура эмес кылып жатышат» деди.
- Бизге батыш, чыгыш элинин жана башка элдин маданиятын таңуулоону токтотуш керек. Зордук-зомбулук көйгөйүн баарыбыз көрүп-билип, күрөшүп келе жатабыз. Өзүбүздүн улуттук баалуулуктар, элдик педагогика менен маданиятка тескери болбогон жолдор менен күрөшсөк болот, - деди Мавлянова.
Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.
2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.
Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат.
Серепчилер Кыргызстанда үй-бүлөлүк чыр-чатак ар бир үчүнчү үйдө кездешерин белгилешип, андан айрыкча аялдар, балдар жабыр тартарын айтып келишет. Соңку жылдардагы маалыматтарга караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын 95% аялдар. (BTo)