Чүйдө окуучу баланын өлүмү иликтенип жатат. Облустук милиция ал бала өз өмүрүнө кол салып, асынып алган, себеби моюнунда жиптин изинен башка жаракат жок деп эсептейт.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, окуя Чүй районунда 26-ноябрда болгон. 11 жаштагы баланын сөөгү үйүндөгү сарайдан табылган.
«Бала Чүй районунундагы орто мектептердин биринде 5-класстын окуучусу болгон жана жетиштүү үй-бүлөдө чоңойгону маалым. Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш уланууда», деп билдирди милиция органы.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы эле 88 окуучу өз жанын өзү кыйган. Буга чейин Акыйкатчы институту үй-бүлөлүк чыр менен ата-эне менен пикир келишпестик да өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салуусунун башкы себеби болуп жатканын кабарлаган. (RK)