Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

Айгүл Мамбетказиева Көркөм сүрөт музейине жетекчи болду


Айгүл Мамбетказиева.
Айгүл Мамбетказиева.

Гапар Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейине жаңы жетекчи дайындалды. Бул тууралуу буйрукка 5-декабрда Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду.

Музейдин жаңы директору Айгүл Мамбетказиева 64 жашта. Билими боюнча тарыхчы. Улуттук университеттин тарых факультетин аяктаган.

Эмгек жолун 1978-жылы ушул музейде экскурсия жүргүзүүчү болуп баштап, азыркыга чейин иштеп келди. Соңку кызматы – музейдин сактоочусу.

Мамбетказиева музей иши боюнча республикалык эксперт катары да таанымал.

Ага чейинки жетекчи Мира Жангарачева феминнале окуясынан кийин иштен алынган.

Музейде 27-ноябрда феминнале иш-чарасы башталган. 2016-жылы Москвадагы басмаканада чыккан өрттө каза болгон 17 кыз-келиндин элесине арналган 17 күндүк көргөзмөгө аялдардын укуктарын коргоо боюнча сүрөттөр, экспонаттар коюлду. Алардын бири - денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түштү.

2-декабрда жарандык активисттер тобу нааразылыгын билдирип чыккандан кийин көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматынан өз арызы менен кеткен.

Феминналенин уюштуруучулары аялдардын укугун коргоо, көйгөйдү түрдүү экспонаттар аркылуу чагылдыруу максаты гана болгонун айтып жатышат. (RK)

XS
SM
MD
LG