Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Милиция феминналени уюштуруу ишин да иликтеп жатат


Көргөзмөдө жылаңач чыккан аял Даниядан келген.
Көргөзмөдө жылаңач чыккан аял Даниядан келген.

Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде 27-ноябрда аялдардын укуктарын жактаган 17 күндүк «Феминнале» иш-чарасын уюштуруу жагын милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу 5-декабрда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев парламентте айтты.

Андан тышкары, музейдин мурдагы жетекчиси Мира Жангарачеванын «коркутуу болду» деген арызынын негизинде да иликтөө жүрүүдө. Материалдар Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды.

Аялдардын укуктарына арналган көргөзмөдө денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп нааразылык күчөгөн. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка сын айтылган. Каршы чыккандар буга кескин чара көрүүнү талап кылышкан.

Мындан улам, 2-декабрда көргөзмөдөгү айрым экспонаттар алынып, музейдин директору Мира Жангарачева кызматкерлердин коопсуздугуна байланыштуу деп, иштен кетүүгө арыз жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG