Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Баткен шаарында жаңы типтүү мектептин курулушу башталды


Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров мектептин  курулушуна капсула салды.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров мектептин курулушуна капсула салды.

Баткен шаарынын Кызыл-Дөң конушунда 375 орундуу жаңы типтүү мектептин курулушу башталды. Ага Сауд өнүктүрүү фондунан 84 млн. сом грант бөлүнгөнүн өкмөттүн облустук өкүлчүлүгү кабарлады.

Курулуш 2020-жылдын аягына бүткөрүлүп, пайдаланууга берилет.

2019-жылда Баткен облусунда курулушу башталган жана капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн 31 билим берүү мекемеси бар. 

Жаңы окуу жылына республикалык бюджеттен 3 типтүү, донорлордун эсебинен 1 башталгыч мектеп курулуп, пайдаланууга берилген.

2020-2021-жаңы окуу жылына дагы 7 мектепти пайдаланууга берүү боюнча аракеттер жүрүп жатат. Облуста жалпысынан 233 орто мектеп бар. (JsA)

 

XS
SM
MD
LG