Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 03:35

Францияда полиция менен демонстранттар кагылышты


Акциянын катышуучулары.

Француз полициясы пенсия реформасына каршы чыккандарга көздөн жаш агызчу газ колдонду.

«Reuters» агенттигинин маалыматына караганда, кагылышуу Париж, Нант шаарларында болду. Баш калаада полиция газ колдонгон соң адамдар жүк машинесин оодарып, өрттөп салышты.

Францияда 5-декабрь күнү башталган жалпы элдик иш таштоонун айынан коомдук транспорт токтоп, мектептер менен ооруканалар толук иштебей калды.

Президент Эммануэл Макрон мамлекетте универсал пенсия системасын киргизүүнү каалайт. Эгер ал ишке ашса, ири жөлөкпул менен мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууга тыюу салынат.

Кесиптик кошуундар «бул кадам миллиондогон адамдарды пенсия курагында да иштөөгө же кыскартылган пенсияга көнүүгө мажбурлайт» деп жатышат. Франциялыктар 62 жашынан пенсияга чыгат.

Өкмөттүн божомолуна ылайык, пенсия реформасына каршы 250гө жакын нааразылык акциялары болушу ыктымал.

Парижде бейшемби күнкү деомнстрацияда коомдук тартипке көз салыш үчүн 6000 полиция кызматкери иштеди.

1995-жылы да Францияда пенсия реформасына каршы жарандар үч жума бою иш таштап, өкмөт өз чечимин өзгөртүүгө мажбур болгон эле.

XS
SM
MD
LG