Жогорку Кеңеште өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга баа бериш үчүн убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү. Мындай демилгени депутат Өмүрбек Бакиров көтөрүп чыкты. Комиссиянын курамына 11 депутат кирди.
Ал бөлүштүрүүчү энергокомпаниялардын иши, электр энергиясын жоготуунун көлөмү, дебитордук карыз, коррупциялык схемалардын таасири, электр энергиясын эсептөөдө автоматташтырылган ыкманы колдонуу маселелерин карап чыгат.
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков коррупция жалпы элдик көйгөйгө айланып, жемкорлор бийликти байлык топтоонун жолуна айландырып алганын быйыл август айында эл менен жолугушуулардын биринде белгилеген. (RK)