Чүйдө бир үй-бүлөдөгү эки өлүмдүн чоо-жайы иликтене баштады. Милициянын маалыматына караганда, окуя 5-декабрда Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарында болгон.
Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй милициясынын басма сөз кызматынын өкүлү Назира Имангазиева билдирди.
71 жаштагы эне менен 40 жаштагы кызынын сөөгү үйүнөн табылган.
Алар өз жанын өзүлөрү кыйганы, эч кимди күнөөлөөнүн кереги жоктугу тууралуу кат жазып кеткени, экөөнүн тең денесинен күч колдонуунун изи табылбаганы да кабарланды. Ошондуктан Чүй милициясы бул окуяны суицид деп атоодо.
Буга эмне себеп болгону азырынча белгисиз.
Быйыл сентябрь айында Жайыл райондук ооруканасынын реанимация бөлүмүнүн дарыгери өз өмүрүнө кол салып, жандан кечкен. Окуя дарыгердин өзүнүн үйүндө болгон. (RK)