Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

7-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

7-декабрда түнкүсүн жана эртең менен Чүй, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо да кар жаашы ыктымал. Күндүз тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү мүмкүн. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 4…9;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 6…11;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2…-7, күндүз 1…6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз 0…-5;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -4…-9 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан, кар жаашы ыктымал, күндүз жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2, күндүз 5...7 градус болот.

XS
SM
MD
LG