Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Москва: блогер Егор Жуков үч жылга шарттуу кесилди


Егор Жуков сот имаратынын алдында. 6-декабрь, 2019-жыл.
Егор Жуков сот имаратынын алдында. 6-декабрь, 2019-жыл.

Москванын соту белгилүү блогер, Жогорку экономика мектебинин студенти Егор Жуковду үч жылга шарттуу кести.

- Сот Жуков Интернет аркылуу экстремисттик чакырыктарды жасаган деген бүтүмгө келди, - деп билдирди Кунцево райондук сотунун судьясы Светлана Ухналева.

Бирок блогердин жакын санаалаштары баштан бери эле бул соттук ишти саясий куугунтук катары баалап келишет. 6-декабрда өкүм угузулуп жаткан учурда сот имаратынын сыртында Жуковдун жүздөгөн тарапташтары топтолуп турушту.

21 жаштагы блогер Москвадагы таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган жана бийликтин саясатына каршылык билдирген жайкы митингдердин биринде кармалган.

- Албетте, бул акыркы жеңиш эмес. Бардыгыңарга рахмат! - деди Жуков өкүм окулгандан кийин.

Ал 4-декабрдагы соттук отурумда акыркы сөзүн сүйлөп, тарапкерлерине жалындуу сөздөрдү айткан жана Орусиянын саясий системасына жапырт айып коюуну сунуш кылган.

Жуков 2-августа кармалганга чейин «YouTube» порталындагы каналына президент Владимир Путиндин саясатын сындаган видеолорду жарыялап, оппозициячыл күчтөрдүн саясий акцияларын жарнама кылып турган. Анын акыркы видеосун 300 миңден ашуун киши көргөн.

Прокурорлор алгач Жуковго «массалык башамаландык уюштурган» деген айып коюп, кийинчерээк ал айыпты өзгөрткөн.

XS
SM
MD
LG