Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Украиналык жаш блогердин Айтматовго арналган акциясы уланууда


Саша Бельский Айтматовдун китеби менен түшкөн сүрөт.
Саша Бельский Айтматовдун китеби менен түшкөн сүрөт.

Украиналык жаш блогер Саша Бельский кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовго арнап атайын флешмобун улантууда.

Октябрдын башында ал «YouTube» порталындагы жеке каналы аркылуу кайрылуу жарыялап, жазуучунун чыгармаларынын биринен үзүндү окуп жөнөтүүнү суранган.

Бирок бир ай ичинде эки гана адамдан видео келгенин ал таң калуу менен билдирип, «Instagram» баракчасына «Кыргыздар, эмне болдуңар?» деп жазды.

Блогер Айтматовдун чыгармасынан үзүндү окулган видеолорду godlike.sa.bee@gmail.com дарегине кабыл алуу уланып жатканын билдирди.

Ал «Instagram» баракчасына #AitmatovForever #СашаБельский #ЧынгызАйтматов #AitmatovForever деген хэштегдерди койду.

14 жаштагы блогер кыргыз эстрада ырчыларынын клиптери тууралуу «YouTube» каналына жарыялаган сын пикирлери менен таанылган.

Ал «Азаттык+» жаштар берүүсүнө да катышкан.

Кийин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевден Айтматовдун китебин белекке алган. (RK)

XS
SM
MD
LG