Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:30

Разаков: Коррупция - өнүгүүгө терс таасир эткен башкы жагдайлардын бири


Жеңиш Разаков.
Жеңиш Разаков.

Кыргыз өкмөтү жемкорлук негизги маселелердин бири болуп жатат деп эсептейт. Бүгүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшүү механизмдери, анын элементтери жана өркүндөтүү» деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Өз сөзүндө ал өкмөт коррупцияга каршы чараларды иштеп чыгуу жана аткаруу боюнча комплекстүү иш аткарып жатканын айтты.

Ошону менен катар «коррупция коомубуздун жана мамлекеттин өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизген негизги факторлордун бири бойдон калууда» деп билдирди.

Өкмөттүн Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында жана аткезчилик менен ташылып келген товарларга каршы жүргүзгөн ишин Жогорку Кеңеш 5-декабрда жетишсиз деп тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG