Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:04

ЖЭБ иши боюнча өкүм чыкканы жатат


Соттолуучулардын тарапкерлери.
Соттолуучулардын тарапкерлери.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда ушу тапта баш калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөдөгү коррупцияга байланыштуу сот боюнча өкүм чыгат деп күтүп жатышат. Судья кеңешүүчү бөлмөгө кеткен.

Бүгүн соттолуучуларга акыркы сөз берилди. Алар баары тең күнөөсү жок экенин айтышты.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков ЖЭБди оңдогону үчүн сыймыктанарын айтты. Экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев абийири Мекенинин, бала-бакырасынын алдында таза экенин билдирди.

Прокурорлор сот жараянында буга чейин эркиндикте жүргөн мурдагы финансы министри Ольга Лаврованы сот залынан камакка алып, аны 7 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнүшкөн.

Сапар Исаковго 15 жылдык жаза мөөнөтүнөн тышкары анын үй-мүлкүн конфискациялап, дипломатиялык рангы менен «Манас» орденин алып салууну сунуш кылган.

Айыптоочу тарап «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиевге 17 жылдык жаза мөөнөтүнөн сырткары андан Ардак грамотасы менен «Даңк» медалын алып салып, ТВЕА компаниясынан алынган автоунааны сатуудан түшкөн 1 миллион 627 миң сомду өндүрүүнү суранган.

Жантөрө Сатыбалдиевди, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовду, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровду жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловду 11 жылга кесип, үй-мүлкүн конфискациялап, мамлекеттик сыйлыктары менен наамдарынан ажыратууну өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG