Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:26

Немис канцлери биринчи жолу Освенцимдеги мемориалга барды


Немис канцлери Ангела Меркел жана Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий, Освенцим, 6-декабрь 2019-жыл.
Немис канцлери Ангела Меркел жана Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий, Освенцим, 6-декабрь 2019-жыл.

Ангела Меркел Германиянын канцлери катары биринчи жолу Польшанын Освенцим шаарындагы Холокост курмандыктарына арналган мемориалга барды.

Ал Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий менен чогуу мурдагы концентрациялык лагердеги "Өлүм дубалына" гүлчамбар койду.

Дүйнөлүк экинчи согушта дал ушул жерде нацисттик Германиянын күчтөрү миңдеген туткундарды атып өлтүрүшкөн.

Азыр музейге айланган мурдагы лагерди 1945-жылы Советтик армия бошоткон. Ага чейин бул жайда басымдуу бөлүгүн жөөт туткундары түзгөн 1 миллиондон ашуун адам өлтүрүлгөн.

Жалпысынан Дүйнөлүк экинчи согушта нацисттик Германиянын аскерлеринин Холокост деген атка конгон кыргынынан 6 миллиондой жөөттүн өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG