Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

«Москва иши» боюнча дагы үч айыпталуучу соттолду


Егор Лесных.
Егор Лесных.

Москванын Мещан соту Орусиядагы «Москва иши» деп аталган иш боюнча үч айыпталуучуга 6-декабрда сот өкүмү чыкты. Егор Лесных үч жыл, Максим Мартинцов эки жарым жылга кесилсе, Александр Мыльников эки жылга шарттуу соттолду.

Бул үч активист быйыл октябрь айында камалган. Алар быйыл 27-июлда таза шайлоо өткөрүүнү талап кылган Москвадагы нааразылык акциясынын жүрүшүндө полицияга каршы күч колдонду деген негизде кармалган.

Бул нааразылык акциясынан кийин жалпысынан 20дан ашык адам кармалган. Алардын ичинен экстремизмге үндөдү деп айыпталган студент Егор Жуков үч жылга шарттуу кесилген.

XS
SM
MD
LG