Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:45

Индияда полиция зордуктоого айыпталгандарга ок атты


Индиянын Хайдарабад шаарында полиция тергөө экспериментинин жүрүшүндө 27 жаштагы кызды зордуктап, өлтүрүүгө шек саналган төрт адамды атты. Маалыматка ылайык, териштирүү маалында шектүүлөр полицияга күч колдонгон. Мындан соң алар полициянын огунан өлгөн.

27 жаштагы ветеринар кыздын сөөгү 28-ноябрда табылган. Экспертиза анын зордукталганын да аныктаган. 30-ноябрда бул кылмышка шектүү катары төрт адам кармалган. Мындан соң аймактагы тургундар кылмышка айыпталууларды оор жазага тартуу талабын коюшкан.

Индиянын парламенти бул маселени көтөрүп, айрым депутаттар зордукчулдарды өлүм жазасына тартууну сунушташкан.

Полициянын кылмышка шектүүлөргө ок атканы жөнүндө маалымат ачыкка чыккан соң Хайдарабаддын көчөлөрүнө 2000ге жакын адам чыгып, полицияга колдоосун билдирди. Индияда аялдарды зордуктоо байма-бай катталып турат. Буга чейин өлкөнүн расмий органдары өлкөдө күнүнө 92 аял зордукталары тууралуу маалымат берген.

XS
SM
MD
LG