Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева сексуалдык ыдыкка дуушар болгон кыз-келиндердин укуктары корголбой жатканын билдирди. Бул тууралуу депутат бүгүн өтүп жаткан "Жумуш ордунундагы гендердик басмырлоо" форумунда билдирди.
Анын айтымында, адатта басмырлоого кабылган кыз-келиндер кимге кайрыларын билбейт.
- Биз жүргүзгөн иликтөөгө караганда иш ордунда басмырлоого кабылгандардын 26% балалуу аялдар экен. Алар психологиялык жактан жабыркап, балдарына жетиштүү көңүл бура албай калат экен. Дээрлик көбү укугун коргошпойт, алар буга "өзүн күнөөлүү" деп эсептейт. Кечээ эле мен атасы зордуктоого аракет кылган кыздын окуясын окуп, таң калдым. Мына учурлар абдан көп, - деди Сурабалдиева.
Форумда, Бишкектеги төрт ишкананада анонимдүү 2100 кишиден 263 киши сурамжылоодон өткөнүн жана жумуш ордунда аялдар эле эмес, эркектер да басмырлоого кабылары аныкталган.
«Кыргызстандагы аял судьялардын ассоциациясы» жүргүзгөн иликтөөдө жыныстык асылуу мамлекеттик ишканаларда жана окуу жайларда аябай көп экенин көрсөткөн.
Орто эсеп менен мамлекеттик мекемелерде ыдык көрсөтүү 80%, сексуалдык ыдык көргөнү үчүн эч кимге айткысы келбеген аялдар 76 пайыз, жетекчи тарабынан ыдык көрсөтүүлөр 44 пайыз, ыдык көрсөтүүнү өзүнөн издегендер 66,2 пайызды түзөрү форум учурунда айтылды.(AiA)