Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Эл аралык иликтөөдө кылмышкерлер кыргыз паспортун колдонгону айтылды


"Вадим Соколов"
"Вадим Соколов"

Германияда буга чейин киши колдуу болгон 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилинин өлүмүнө шектүү адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматына караштуу “Вымпел” атайын бөлүгүндө кызмат кылган жана буга чейин да бир кишини өлтүрүүгө айыпталган.

Бул тууралуу "Bellingcat", "Der Spiegel" жана орусиялык "The Insider" сайтынын иликтөөсүндө айтылат.

Ага ылайык, Германияда Вадим Соколов деген адамга таандык паспорт менен кармалган адамдын чыныгы аты-жөнү Вадим Красиков.

Иликтөөдө Красиковго 2007-жылы Карелиядагы Костомукша шаарында киши колдуу болгон ишкер Юрий Козловдун өлүмү үчүн шектүү катары издөө жарыяланганы айтылат. Бирок кийин шектүүгө издөө жарыялоо боюнча маалымат Интерполдун жана Орусиянын базаларынан өчүрүлгөн. Мындан соң ал Вадим Соколовдун наамына жаңы паспорт алган.​

Красиковдун Кыргызстанга да барганы аныкталган. Адегенде 2011-жылы андан кийин 2017-жылдын 31-августунда Бишкекке учуп барып, беш күн жүргөн.

Иликтөөчүлөр дал ушундай эле схема быйыл жазында Украинанын аскер чалгын кызматынын офицерине кол салууга шек саналган Алексей Комаричевди жалдаган учурда да колдонулганын жазышкан.

Андрей Ломако деген наамдагы Кыргызстандын паспортун көтөрүп жүргөн Комаричев жардыруу маалында эки колунан ажырап, бирок аман калган.

Кийин украин бийликтери бул адамдын Орусиянын чалгын кызматынын тапшырмасын аткарганын жазып чыккан эле.

Берлиндин Моабит районунда быйыл 23-августта 40 жаштагы чечен улутундагы грузин жараны Зелимхан Хангошвилини атып кетишкен. Кылмышка шектүү Вадим Красиков ошол эле күнү кармалган жана полиция ал Орусиянын жараны экенин билдирген.

«The Insider» басылмасы жана «Bеllingcat» уюмунун иликтөөчү журналисттери кылмышка шектүүнүн орус атайын кызматтары менен байланышы бар экенин жазып чыгышкан.

Тергөөчүлөр Хангошвилинин өлүмүн анын буга чейинки кызматы менен байланыштырган. Ал үй-бүлөсү менен Германияга көчүп келгенге чейин Грузияда Ички иштер министрлигинин антитеррордук бөлүмүндө иштеген жана 2012-жылы Лопото капчыгайындагы жоочуларга каршы атайын операция катышкан.

XS
SM
MD
LG