Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 20:56

УКМКнын 9-кызматынын башчысы алмашты


Улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын башчысы Тимур Шабданбеков кызматтан кетип, анын ордуна милдетин аткаруучу болуп Санжарбек Эркинбаев дайындалды.

Тиешелүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон. Жарлыкта Шабданбеков башка кызматка өткөнүнө байланыштуу кызматтан кеткени айтылган. Ал быйыл март айында бул кызматка келген эле.

Ал эми Санжарбек Эркинбаев буга чейин 9-кызматтын башчысынын орун басары болуп иштеп келген.

УКМКнын курамындагы 9-кызматка мамлекет жетекчилеринин коопсуздугун камсыздоо милдети жүктөлгөн. Анын жетекчиси УКМКнын төрагасынын орун басары болуп саналат.

Президент Жээнбеков өлкө башчылыгына келгени төртүнчү жолу күзөт кызматынын башчысын алмаштырууда.(BkA)

Пикирлерди көрүңүз (18)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG