Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Минскиде Орусия менен интеграцияга каршы акция уланды


Минскидеги Орусия менен интеграцияга каршы акция, 8-декабрь, 2019-жыл.
Минскидеги Орусия менен интеграцияга каршы акция, 8-декабрь, 2019-жыл.

Беларустун баш калаасы Минскиде Орусия менен интеграцияга каршы нааразылык акциясы жекшемби күнү да уланды. Таң эрте митингчилер Октябрь аянтына чогулуп, андан соң Орусиянын Минскидеги элчилигине чейин жүрүшкө чыгышты.

Чогулгандар оппозициянын символуна айланган Беларус элдик республикасынын ак жана кызыл түстөгү желегин жана "Интеграцияга жол жок!" деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп турушту. Бир күн мурдагыдай эле жекшембидеги жүрүшкө полиция кийлигишкен жок.

7-декабрда Беларус президенти Александр Лукашенко менен орус президенти Владимир Путин Сочиде жолугуп жаткан маалда Минскиде жүздөгөн адамдар Орусия менен интеграцияга каршы ураандарды чакырып турушту. Эки лидер беш саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин кандайдыр бир чечим кабыл алынганын жарыялашкан жок.

Президенттердин жолугушуусу эки өлкөнүн бир союздук мамлекет түзүү боюнча келишиминин 20 жылдыгынын алдында өттү. 1999-жылы 8-декабрда эки өлкө орток союздук мамлекетти түзүү жөнүндө келишимге кол койгон. Келишимге ылайык, орток валютасы, соту жана бажысы болгон союздук мамлекет түзүлүшү керек. Бул келишим ишке ашпаса да, акыркы мезгилде орус бийлиги Беларус менен интеграция маселесин утур-утур көтөрүп келет. Лукашенко 5-декабрда өз өлкөсү Орусиянын курамына кирбей турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG