Ооганстандын Жалалабад шаарындагы кол салууда каза тапкан жапониялык дарыгер Тетсу Накамуранын сөөгү мекенине жеткирилди. Анын сөөгүн Токионун Нарита аэропортунда жапон өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү баштаган ондогон адамдар тосуп алышты. Аба майданында чакан аза күтүү зыйнаты да өттү.
Ондогон жылдардан бери Ооганстандын чыгышында жашап, кайрымдуулук менен алектенген 73 жаштагы дарыгер "Peace Japan Medical Service" өкмөттүк эмес уюмун жетектеп келген. 4-декабрда Нангархар провинциясындагы Жалал-Абад шаарында аталган уюмдун автоунаасына куралдуу кол салуу болуп, анда Тетсу Накамурадан тышкары унаадагы дагы беш адамдын өмүрү кыйылган. Бул чабуулга эч бир тарап жоопкерчиликти мойнуна алган жок.
Накамуранын сөөгү 9-декабрда өзүнүн кичи мекени Фукуока шаарына жөнөтүлөрү белгилүү болду.
Ооганстанда мерт болгон дарыгердин сөөгү мекенине жеткирилди
