Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:07

Киевде Зеленскийге талап койгон митинг өтүп жатат


Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко митингчилер менен учурашып жатат, Киев, 8-декабрь 2019-жыл.
Украинанын мурдагы президенти Петро Порошенко митингчилер менен учурашып жатат, Киев, 8-декабрь 2019-жыл.

Украин президенти Владимир Зеленский менен орус лидери Владимир Путиндин дүйшөмбүгө белгиленген жолугушуусуна байланыштуу бүгүн Киевде миңдеген адамдар катышкан митинг өтүп жатат. Түш оой Эгемендик аянтына чогулгандар "Зе үчүн кызыл чектер" деген плакаттарды көтөрүп турушат.

Зеленский 9-декабрда "Норманд төрттүгү" форматынын алкагында биринчи жолу Путин менен Парижде жолугат. Киевдин борборуна топтолгон митингчилер Зеленскийди бул кездешүүдө Украинанын позициясын бекем коргоого жана беш "кызыл чектен" өтпөөгө чакырып жатышат.

Бир күн мурда украин оппозициясы бул "чектердин" тизмесин жарыялаган. Ага ылайык, Путин менен кездешүүдө Украинанын аймактык бүтүндүгүнүн сакталышына басым жасалышы керек; федералдашууга жол берилбеши зарыл; Украина Европага багыт алган саясатынан кайтпайт; Крым Украинага кайтарылышы керек; Украинанын Орусиянын кадамдарына байланыштуу эл аралык соттогу доосу токтотулбайт.

Париждеги сүйлөшүүлөргө француз президенти Эммануэл Макрон менен немис канцлери Ангела Меркел да катышат. Украина менен Орусиянын президенттери акыркы жолу үч жыл мурда Петро Порошенко бийликте турган учурда жолугушкан.

Орусия 2014-жылы Украинадагы Евромайдан окуяларынан кийинки бийлик алмашуудан көп өтпөй Крым жарым аралын аннексиялаган. Аны улай Донбасс аймагында Орусия колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда куралдуу жаңжал тутанып, ал алигиче уланып келет.

XS
SM
MD
LG