Индиянын баш калаасы Нью-Делиде баштык тиккен фабрикада өрт чыгып, кеминде 43 адамдын өмүрү кыйылды. Элүүдөй киши аман-эсен куткарылды. Полиция бул кырсык боюнча "Киши өлтүрүү" беренеси менен кылмыш ишин козгогону белгилүү болду.
Тилсиз жоо алты кабаттуу фабриканы 8-декабрда таңкы саат 5-6лар чамасында чулгаган. Каза тапкандардын көбү имараттын ар кайсы кабаттарында уктап жаткан жумушчулар болгон.
Индиянын маалымат каражаттары бул фабриканын өрт коопсуздугу боюнча сертификаты жок экенин билдирип жатышат. Премьер-министр Нарендра Моди бул кырсыкты "өтө үрөй учурган" трагедия деп атады.
Индияда имараттардын кожоюндары же бизнес ээлери өрт коопсуздугун толук сактабагандыктан фабрика, заводдордо тилсиз жоо байма-бай катталып турат. Бирок бул жолу кол баштыктарды тигүүдө колдонулган материалдар өрттүн күч алышына жана курмандыктардын санынын көбөйүшүнө себепчи болгону белгиленип жатат.