Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:02

Гонконгдо он миңдеген адамдар кайрадан көчөгө чыгышты


Гонконгдогу акция, 8-декабрь 2019-жыл.
Гонконгдогу акция, 8-декабрь 2019-жыл.

Гонконгдо жекшемби күнү он миңдеген демонстранттар кайрадан көчөгө чыгышты. Уюштуруучулар 8-декабрдагы жарандык эркиндиктин сакталышын талап кылган акцияга 800 миңдей киши катышканын билдирсе, полиция митингчилердин саны 183 миңди түзгөнүн маалымдады.

Шаардын бийлиги август айынан бери биринчи жолу "Жарандык адам укуктарынын фронту" аттуу уюмга демонстрация өткөрүүгө уруксат берди. Бул акцияда 11 адам кармалганы кабарланды.

Жекшембидеги жүрүш Кытайга баш ийген Гонконгдо демократиячыл кыймылдардын нааразылык акциясына алты ай толгон учурга туш келди. Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн миңдеген адамдардын көчөгө чыгышына кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору себеп болгон. Ал документ артка чакыртылганы менен нааразылык толкуну токтогон жок.

Демонстранттар жергиликтүү администрациянын башчысынын кызматтан кетишин, шаарда демократиялык баалуулуктар сакталышын, полициянын зордук-зомбулугун иликтенишин талап кылууга өтүшкөн. Ноябрь айындагы 18 райондогу жергиликтүү кеңештерге шайлоодо демократиячыл талапкерлер жеңишке жетишип, жалпы 452 орундун жарымынан көбүн алышкан.

1842-жылы Британия ээлеп алган Гонконг 1997-жылы өзгөчө укуктары бар, демократияга жана эркиндиктерге кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайга кайра кайтарылып берилген эле.

XS
SM
MD
LG