Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Соттук экспертиза тармагынын абалы талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте соттук экспертиза маселесине арналган талкуу өтөт. Жыйынды Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттарга жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгы Кыргызстандын Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматы менен бирге уюштурууда.

Бүгүнкү талкуу - кылмыштардын бетин ачууда адам укуктарын коргоонун кепилдиги болгон соттук экспертиза тармагын өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан аракеттердин бири.

Жыйынга Акыйкатчынын өкүлү катышып, адам укуктары боюнча ички жана эл аралык мыйзамдар базасы тууралуу маалымат берет.

Ага адвокатуранын, күч түзүмдөрүнүн жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү катышат.

Мамлекеттик соттук-эксперттик кызмат Кыргызстанда соттук-эксперттик иштер чөйрөсүндөгү саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат.

Быйыл 1-январдан тартып жаңы Жазык кодекси, Жазык-процессуалдык кодекс, Жазык-аткаруу кодекси, Жоруктар тууралуу кодекс жана Тартип бузуу жөнүндө кодекс күчүнө кирген. Андан тышкары «Пробация жөнүндө» жана «Мунапыс жөнүндө» мыйзамдар иштей баштаган. Айрымдарына оңдоп-түзөө, өзгөртүүлөр киргизилип жатат. (RK)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG