Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:03

Трамп: АКШ Израилдин өзүн өзү коргоо укугун колдойт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Америка Кошмо Штаттары Израилдин өзүн өзү коргоо укугун колдойт. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида штатында өткөн Израил-Америка кеңешинин саммитинде сүйлөп жатып айтты:

- Израил кийинки апталарда ракеталык аткылоонун жаңы толкунуна кабылгандыктан менин администрациям Америка Израилдин өзүн өзү коргоого болгон абсолюттук укугун колдой турганын билдирди. Биз ошондой эле израилдик туткундарды бошотуп, Газа тилкесинде ХАМАСтын террорчулары кармап кеткен израилдик аскерлердин сөөгүн кайтарып берүүгө чакырабыз.

Израил-Америка кеңешин каржылык жактан Трамптын тарапташтарынын бири, миллиардер Шелдон Аделсон колдойт.

Трамп АКШ менен Израилдин ортосундагы мамиле азыр мурда болуп көрбөгөндөй бекем экенин кошумчалады.

Ноябрда Газа тилкесинде эки күн бою кырдаал курчуп, Палестина 32 жаранынан айрылганын билдирген. Израил ал каза болгондордун 20сы согушкер экенин, «Ислам жихады» согушкер тобунун кол башчысы жок кылынганын айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG