Өткөн аптада үй камагына бошотулган активист Афтандил Жоробеков Аскер прокуратурасына суракка чакырылды. Бул тууралуу активисттин карындашы Чынара Темирова «Фейсбукка» жазып, чакыруунун сүрөтүн чыгарды. Ага ылайык, Жоробеков бүгүн саат 16:00дө күбө катары суракка келиши керек. Азырынча кайсы иш боюнча чакырылып жатканы белгисиз.
Жарандык активист, «Фейсбуктагы» «БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробековду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык кастыкты козутту» деген шек менен 24-ноябрда кармаган.
Атайын кызмат ага «Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, жапырт нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн» деген кине коюуда. Бул жарандык коомдун нааразылыгын жаратып, бир катар укук коргоо уюмдары активистти эркиндикке чыгарууга үндөгөн.
5-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту Жоробековду үй камагына бошоткон. (BkA)