Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Орусияда жол кырсыгынан каза болгондордун биринин сөөгү мекенине жөнөтүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Оренбург шаарында жол кырсыгынан каза болгон төрт кыргызстандыктын биринин сөөгү мекенине жөнөтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызстандын Оренбургдагы ардактуу консулу Таалайбек Жандар уулу «Азаттык» радиосуна билдирди. Анын айтымында, калган үч маркумдун өздүгүн аныктоого, документтерин даярдоого убакыт керек.

Жол кырсыгынан жабыр тарткан үч жарандын бирөө реанимацияда. Калган экөө ооруканада дарыланууда.

8-декабрда Оренбург облусунун Казан-Оренбург-Акбулак автожолунда кыргызстандыктар бараткан «Тойота Превна» каршылаш тилкеде келе жаткан «Мерседес Спринтер» кичи автобусу менен кагылышкан. Кырсыктан 29, 34, 35 жана 38 жаштагы төрт кыргызстандык жаран каза болду.

Бүгүн премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев каза болгондордун жакындарына көңүл айтып, тиешелүү жардам көрсөтүүнү тапшырган.(BkA/LzT)

XS
SM
MD
LG