Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 25-январь, 2020 Бишкек убактысы 20:53

АКШнын коргоо министри чет элдик жоокерлерди текшерүүнү тапшырды


Марк Эспер.

Коргоо министри Марк Эспер 8-декабрда «Fox News» телеканалында сүйлөп жатып, өткөн жума күнү Флоридадагы аскер базасындагы үч аскердин өмүрүн алган атышуудан кийин АКШга келген чет өлкөлүк жоокерлерди текшерүүнү тапшырганын билдирди.

АКШга убактылуу окууга келген сауд арабиялык жоокер өткөн жумада аскер базасында үч кишини атып салган. ФБРдын маалыматына караганда, Сауд Арабиясынын армиясынын лейтенанты, 21 жаштагы Мухаммед Алшамрани Пенсаколедеги аскер-деңиз авиациясына окууга келген. Азырынча ал эмне үчүн мындай кадамга барганын ФБР расмий айта элек.

Мухаммед Алшамранинин аткан огунан америкалык үч жоокер өлүп, сегиз киши жарадар болгон. Окуя учурунда Алшамрани атып өлтүрүлгөн.

Бул жаңжалга байланыштуу сауд арабиялык бир канча аскер да сурак жүргүзүү максатында камакка алынды.

XS
SM
MD
LG