Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Ооганстан: жапон дарыгердин сөөгү мекенине жеткирилди


Тетсу Накамуранын сөөгүн Жапонияга алып келген учур.
Тетсу Накамуранын сөөгүн Жапонияга алып келген учур.

Жапониялык дарыгер, гуманитардык кызматкер, өткөн жумада Ооганстанда курман болгон Тетсу Накамуранын сөөгү ишембиде мекенине жеткирилди. Кабулдун эл аралык аэропортунда сөөктү жөнөтүү иш-чарасына ооган президенти Ашраф Гани, маркумдун үй-бүлөсү, эки өлкөнүн аткаминерлери катышты.

Накамура жана дагы беш киши алар бараткан машинени 4-декабрда Жалалабад шаарында белгисиз адамдар аткылаганда туш болгондо окко учкан.

73 жаштагы дарыгер ишин 1984-жылы Пакистандын Пешавар шаарындагы ооруканада баштаган. Ошондон бери ооган качкындарын дарылап жүрүп, 1991-жылы Ооганстанда клиника ачкан. 2008-жылдан бери айыл чарба тармагына жардам берген кайрымдуулук фондун жетектеп келди.

XS
SM
MD
LG