Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:12

Чолпон Жакуповага эл аралык сыйлык тапшырылды


Чолпон Жакупова сыйлык тапшыруу аземинде. 5-декабрь, 2019-жыл.

«Адилет» укуктук клиникасынын директору, белгилүү укук коргоочу Чынара Жакупова «PRI Human Rights Award-2019» эл аралык сыйлыгын алды.

Адам укуктарына арналган сыйлык Жакуповага эрки, принципиалдуулугу, адилеттиги жана коомдун укуктук терапиясы үчүн деген негизде берилди.

Сыйлыкты тапшыруу аземи «Жазык системасындагы сот адилеттигиндеги адам укуктары» деген улуттук форум учурунда тапшырылды.

Форумду Акыйкатчы (Омбудсмен), Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбор бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен уюштурган.

Чолпон Жакупова коомдогу олуттуу укуктук маселелер боюнча өзүнүн көз карашын ачык айткан ишмер катары белгилүү. Ал 2015-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Бирок Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы пикирин билдирип, бир жылдан кийин мандатын өз эрки менен тапшырган. (RK)

XS
SM
MD
LG