Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Үч өлкө Нобел сыйлыгы боюнча чечимге каршы чыкты


Петер Хандке.
Петер Хандке.

Мурдагы серб лидери Слободан Милошевичти колдогон австриялык жазуучу Петер Хандкеге Нобел сыйлыгын тапшыруу Түркиянын, Албаниянын жана Косовонун нааразылыгын пайда кылды.

Сыйлык тапшыруу салтанаты бүгүн, 10-декабрда өтөт.

Аталган үч өлкөнүн өкүлдөрү бул иш-чарага бойкот жарыялап, барбай турганын расмий билдиришти.

Түркия Адабият боюнча Нобел сыйлыгына байланыштуу бул чечимди жокко чыгарууну талап кылды.

Косово «Босния менен Косоводо геноцид уюштурган адамды колдогон жазуучу Нобел сыйлыгына татыктуу эмес» деген позициясын айтты.

Ал эми Албаниянын тышкы иштер министри «Твиттердеги» баракчасына «согуш учурундагы мыкаачылыкты актагандар сыйланбашы керек» деп жазды.

Швед академиясы 77 жаштагы австриялык прозаик жана драматург Хандкеге бул сыйлыкты тапшыруу боюнча чечимди 10-октябрда кабыл алган. Хандке Милошевичти дайыма колдоп келген жана 2006-жылы аны акыркы сапарга узатуу учурунда жалындуу сөз сүйлөгөн.

Милошевич 1990-жылдары Югославия мамлекети урагандан кийиники согуш учурунда «геноцид уюштурган жана башка аскер кылмыштарын жасаган» деп айыпталып 2001-жылы камакка алынган. 2006-жылы тергөө изоляторунда, өкүм чыга электе көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG