Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:34

Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын жыйынтыктары көрүнө баштады


Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президентке караштуу Соттук реформа боюнча кеңештин 3-жыйналышын өткөрүп жатат. Ал жыйында сүйлөп жатып, учурда реформанын алгачкы натыйжалары көрүнө баштаганын, Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестри, Тартип бузуунун бирдиктүү реестри иштей баштаганын белгиледи:

- Мурдагыдай кааласа каттап, кааласа жаап коё турган мүмкүндүк жок. Арызды жашырып койгон кызмат адамдарына кылмыш жоопкерчилиги каралган. Кылмыштын саны эмес, каттоонун саны жана сапаты көбөйдү деп айтсак туура болот. Ошондуктан, бүгүнкү күндөгү кылмыштуулуктун статистикасы - бул реалдуу статистика. Бирок азырынча бул реестрдин бир гана - сотко чейинки блогу ишке киргизилип, сот жана жаза аткаруу блоктору ишке аша элек.

Жыйында соттук системаны мамлекеттик бюджеттен каржылоо көбөйгөнү белгилүү болду. Маселен, 2018-жылы 1,6 млрд. сом бөлүнсө, 2019-жылы 2 млрд. 154 млн. сом бөлүнгөн жана 2020-жылга 2 млрд. 193 млн. бөлүндү. (MiK/TSh)

XS
SM
MD
LG