Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:23

«Бишкек-Новосибирск» поезд каттамы иштей баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик компаниясынын маалыматына караганда, 8-декабрдан тарта №385/386 «Бишкек-Новосибирск», «Новосибирск-Бишкек» поезд каттамы иштей баштады.

Эми кыргызстандыктар Бишкектен Новосибирск шаарына чейин түз поезд менен бара алат. Ошондой эле Новосибирск шаарынан кайра Бишкек шаарына чейин келсе болот.

Маалымат боюнча, Новосибирск Орусиянын чоң шаарларынын ичинен 3-орунду ээлеп эң ири темир жол байланышы бар шаар деп эсептелинет. Анда Орусиянын бардык шаарларына поезд каттамдары бар. Демек, жарандар андан ары каалаган шаарга поезд менен жетип алууга болот.

«Кыргыз темир жолу» ишканасы мындан тышкары Новосибирск шаарында эң ири кыргыз диаспорасы, ошондой эле Сибирь аймагын камсыз кылган ири кийим-кече базары жайгашканын билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG