Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги кол салууда жарадар болгондор боюнча маалымат берди. Жарадар болгондор 9-декабрда Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген.
Абалы оор деген 31 жаштагы жарандын бел жагына эки ок тийгени аныкталып, реанимация бөлүмүндө жатат.
Жаралангандардын экинчиси дагы 31 жашта болгон. Анын да бел жагына ок тийген жана абалы орто деп кабарланды. Үчүнчү жарадар болгон адам 30 жашта болгон. Ага ок тийген эмес, абалы туруктуу.
9-декабрда саат жети жарымга чукул Гагарин жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз автоунаадан «Тойота-Авенсис» үлгүсүндөгү машинеге ок атылган. «Тойота-Авенсистин» ичинде үч киши болгон жана алар белгисиз автоунааны кубалап баратып жол кырсыгына кабылган. Жабыркагандар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилген. Ички иштер министрлигинин ыкчам тергөө тобу Бишкектеги атышуу боюнча шектүү эки жаран кармалганын маалымдады. Алардын Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун 24 жаштагы тургундары болгон. Шектүүлөрдүн жанынан огу жок Макаров тапанчасы табылды. Баштапкы маалыматтар боюнча жабыркагандар менен шектүүлөрдүн ортосунда бир жарым жылдан бери пикир келишпестик болуп келген. (TSh)