Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Аялдардын эмгек укуктарын талкуулаган жыйын өтөт


Кыргызстандагы тигүү цехтеринин биринде.
Кыргызстандагы тигүү цехтеринин биринде.

Бүгүн, 11-декабрда Бишкекте аялдардын эмгек укуктарын талкуулаган жыйын өтөт. Иш-чараны Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен уюштурууда.

Талкуу аялдардын эмгегин колдонууга тыюу салынган, шарты оор өндүрүш, жумуш, кесип жана кызматтардын тизмеси боюнча өкмөттүк токтомдун тегерегинде болот. Бул токтом 2000-жылы кабыл алынган. Ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор иштелип чыккан.

Адистер Кыргызстан эгемендик жолуна түшкөн мезгилден тартып аялдардын жумуш менен камсыз болуу укугу корголбой келе жатканын белгилешет. Алардын маалыматына караганда, бүгүнкү күндө калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүндө аялдар болжол менен 40% ээлейт. (RK)

XS
SM
MD
LG