Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Милиция: Алмаматов кармала элек


Насирбек Алмаматов.
Насирбек Алмаматов.

Коррупциялык схема түзгөн деп айыпталып, сот жообуна тартылган Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы бөлүм башчысы Насирбек Алмаматовду издөө уланууда. Бул тууралуу Бишкектин Октябрь райондук милициясы кабарлады. Маалыматка ылайык, буга чейин Алмаматовго КМШ аймагында мамлекет аралык издөө жарыяланган. Бирок азырынча бул аракеттен майнап чыга элек.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн мурдагы башчысы Насирбек Алмаматов Жогорку соттун 30-октябрдагы токтомуна ылайык, кайра абакка камалышы керек болчу. Алмаматовду камакка алыш үчүн жашаган дарегине барган милиция кызматкерлери аны тапкан эмес. Ноябрь айынын башында ага издөө жарыяланган.

Насирбек Алмаматов 2018-жылдын 2-ноябрында кармалган. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) ал автоунааларды каттоо жана кайра каттоо иштеринде, айдоочулук күбөлүк берүүдө коррупциялык схема түзгөн деп айыпталганын билдирип, атайын видеотасманы да жарыялаган.

Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 25-мартта Алмаматовду 12,5 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту кийин өкүмдү жокко чыгарып, ага 3 миллион 300 миң сом айып пул салуу менен эркиндикке коё бергени өткөн айда белгилүү болгон. Октябрь райондук прокуратурасы Алмаматовго карата шаардык соттун чечимине каршы кассациялык арыз менен кайрылган.

Жогорку соттун 30-октябрдагы токтому менен Насирбек Алмаматовго карата Бишкек шаардык соту 2019-жылдын 9-июлунда чыгарган өкүм жокко чыгарылып, Октябрь райондук сотунун 25-мартта жарыялаган өкүмү күчүндө калган. (BkA)

XS
SM
MD
LG