Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

Ичкилик ичип машине айдагандардын айыппулун 10 эсе көбөйтүү сунушталды (видео)


Азамат Арапбаев.
Азамат Арапбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Азамат Арапбаев ичкилик ичип рулга отурган айдоочуларга айыппулду 10 эсе көбөйтүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу депутат парламентте жол эрежесин бузгандарга айыппулду төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда билдирди.

Арапбаевдин айтымында, базар экономикасынын шартында айрымдарга мас абалында машине айдагандар үчүн салынган 17,5 миң сомдук айыппул аз болуп сезилет. Ошондуктан ал өзүнүн жана башкалардын өмүрүн коркунучка кептеген айдоочулар үчүн айыппулду 10 эсе көтөрүүгө чакырды.

Жыйынга катышып жаткан Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Иманалы Саркулов ичкилик ичип машине айдагандардын жазасын күчөтүү боюнча аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG