Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:20

Кытайда быйыл 48 журналист камакка алынган


Кытай полициясы.
Кытай полициясы.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитетинин (CPJ) 11-декабрда тараткан жаңы баяндамасында 2019-жылы Кытай өкмөтү 48 журналистти камакка алганы айтылат. Бул Кытай быйыл журналисттер эң көп камалган өлкө дегенди билдирет.

Уюмдун жылдык баяндамасында быйыл дүйнөдө кеминде 250 журналист камакка алынганы, былтыр бул сан 250 болгону белгиленген. Кытай биринчи орунда болсо, 47 кабарчы камалган Түркия экинчи орунда турат. Түркияда былтыр 68 журналист кармалган.

Сауд Арабиясы менен Египетте быйыл 26 журналист абакка киргизилген. Ал эми Иранда 11 ЖМК кызматкери камалган.

Орусияда жети журналист камалса, анын төртөө Орусия аннексиялап алган Крымда иштегендер болгон.

Журналисттерди коргоо комитети быйыл дүйнөдө камакка алынган журналисттердин 8% аялдар экенин, былтыр бул 13% болгонун белгилеген.

XS
SM
MD
LG