Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:44

Мадумаров: Саясий партиялардын форумун өткөрөбүз


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Кыргызстанда беш-алты ири саясий партия биригип, форум өткөрөт. Бул тууралуу «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров билдирди.

Ал партиясынын кеңсесинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, буга чейин Кыргызстанды сактап калуу комитетин түзүүнү сунуш кылганын, коомдогу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо зарыл экенин билдирди.

Мадумаров бул конференцияга кайсы партиялар кошуларын айткан жок.

«Ак Шумкар» партиясынын лидери Темир Сариев мындай конференцияны өткөрүү пландалып жатканын «Азаттыкка» ырастады. Анын айтымында, бул конференцияны «Ак Шумкар», «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан», «Улуттар биримдиги» партиялары жана бир нече коомдук уюмдар уюштуруп жатканын билдирди.

Темир Сариев конференцияда шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча маселе көтөрүлөрүн кошумчалады. (BkA)

XS
SM
MD
LG