Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

РАЖ: Рысалиев Эмираттарга фракциянын тапшырмасы менен кетти


Зарылбек Рысалиев.
Зарылбек Рысалиев.

Жогорку Кеңештин «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиев президент Сооронбай Жээнбековду коштоп Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) фракциянын тапшырмасы менен кетти. Бул тууралуу фракциянын лидеринин орун басары Талант Мамытов билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамытовдун айтымында, Рысалиев БАЭ, Сауд Арабиясы, Катар жана башка бир катар араб өлкөлөрү менен парламент аралык достук тобунда «Республика - Ата Журттан» мүчө.

- Анын үй камагында экени жана мындай бөгөт чарасынын шарттары тууралуу фракцияга тергөөчүлөрдөн расмий билдирүү түшкөн эмес. Депутат катары өз милдетин аткарып жатат. Буга чейин ал Кытайдагы ооруканалардын биринде дарыланып келген. Анда да тергөө органдарынан чектөө болгон эмес, - дейт Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков баштаган делегациянын курамында Бириккен Араб Эмираттарына кетти. Анын чет өлкөгө чыгышына чектөө жок экенин бүгүн Ички иштер министрлиги расмий кабарлады.

«2-ноябрда адвокаттын «Рысалиев чет жакта дарыланышы керек» деген өтүнүчү боюнча ИИМдин Тергөө кызматы анын ден соолугунун абалын жана дарылануу зарылчылыгын эске алып Кыргызстандан тыш жакка чыгышына коюлган чектөөнү алып салган», деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Рысалиев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз чыгарылышы боюнча козголгон кылмыш ишинде фигурант. Ал август айында үй камагында калтырылган.

Жазык кодексине ылайык, үй камагы айыпталуучунун эркин жүрүшүнө чек коёт.

Рысалиев Батукаев бошотулган маалда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG